Курманбек Бакиевдин 70 жаш мааракесине карата "НьюТВ" жана "НурТВ" телеканалдары аны жактаган даректүү тасма көрсөттү. УКМК бул даректүү тасманы көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди. Аталган мекеме белгилегендей, Башкы прокуратура тарабынан мурун козголгон кылмыш иштери боюнча К.Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон. Эки телеканал бул даректүү тасманы көрсөткөн соң коомчулукта кызуу талкуу жүрүүдө.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бакиевди актоо кампаниясы башталдыбы?" деген собол салды.
Экс-депутат Равшан Жээнбеков учурда өлкөдө Бакиевдин доорундагыдай башкаруу системи орноп жатат деген пикирде.
"Менимче, өлкөдө Бакиевдин доорундагыдай мамлекеттик башкаруу саясаты жарала башталды. Урук-тууганга, бир туугандарга, кудаларга, бажаларга, ишенген адамдарга таянган мамлекеттик башкаруу системи орноп келе жатат. Ушул нерсе өзгөчө чөйрө жаратты да, Бакиевдин маалындагыдай критерийлер ишке аша баштады. Билимсиздик, алсыздык, тууганчылык, трайбализмге окшогон маанилүү көрсөткүчтөр мамлекеттик башкарууга сиңди. Ошонун бардыгы эки нерсеге түрткү болду. Биринчиден, Бакиевдин маалында иштеген адамдар укук коргоо органдарына, прокуратура, УКМКга кайтып келишти. Экинчиси, соттолгондор акталышты. Азыр болсо баары биригип Бакиевди актоо, пропагандалоого багыт алышты", - дейт экс-депутат.