Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев: "Бакиевди актоо кампаниясы бир жыл мурун эле башталган". КҮНСОБОЛ

Курманбек Бакиевдин 70 жаш мааракесине карата "НьюТВ" жана "НурТВ" телеканалдары аны жактаган даректүү тасма көрсөттү. УКМК бул даректүү тасманы көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди. Аталган мекеме белгилегендей, Башкы прокуратура тарабынан мурун козголгон кылмыш иштери боюнча К.Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон. Эки телеканал бул даректүү тасманы көрсөткөн соң коомчулукта кызуу талкуу жүрүүдө.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бакиевди актоо кампаниясы башталдыбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевдин айтымында, Бакиевди актоо аракеттери жүрүп жатат.

"Бул бир жыл мурун эле башталган. Булар Бакиевди актаганга аракет кылып жатат. Эки телеканал Бакиев тууралуу даректүү тасманы көрсөтүүдө. Ошол телеканалдардын бардыгы Жээнбековдорго караштуу деп уккам. Мунун баары Бакиевди реабилитация кылуу аракети. Бир жыл мурун Бакиевдин заманын алып келдик деп айткам", - дейт Мискенбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан