Президент: "2024-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылабыз деген милдетти койгонбуз"

"2024-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылабыз деген милдетти койгонбуз" деп бүгүн, 31-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов айылында элетти таза суу менен камсыз кылууну туруктуу өнүктүрүү долбоорун ишке киргизүү аземинде айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы калктуу пункттарды таза суу менен камсыз кылуу бүгүнкү күндө курч көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи.

"Таза суу болбосо - калктын дени сак болбойт, туризм өнүкпөйт, инвестиция келбейт. Бул комплекстүү маселе. Ошондуктан калкты таза суу менен камсыздоо мамлекеттик саясатыбыздын негизги багыттарынын бири. Биз 2024-жылга чейин Кыргыз мамлекетинин бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатабыз. Өлкөбүздөгү айылдардын таза сууга болгон муктаждыгын чечүүгө жыл сайын республикалык бюджеттен дагы акча каражаты бөлүнүп берилип жатат. Бул багытта ошондой эле Кытай, Евробиримдик, Швейцария, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Ас-Салам, Ас-Сафа, Катар кайрымдуулук фонддору менен да активдүү иштеп жатабыз", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
oscar
2019-07-31 20:26:09
Башка фонддорго көз каранды болбой өзүбүз эле чечсек болмок
+1
talant87
2019-07-31 21:49:04
Негиз ошол акчаны туура пайдаланбай жатат кооп сума иш аз
+2
Janym_ata_enem
2019-08-01 00:11:26
Убагы келгенде толугу менен болбой калды убактым жетпей калды десең деле таң калбайм
+2
xnurgul_gul
2019-08-01 03:16:59
Майлуусуу шаарындагы союз таркагандан берки эл ичип толоп жаткан ылайка сууну дагын чечип бергилечи
0
Flowhive
2019-08-01 08:07:39
Таза суу менен камсыздаганы жакшы,бирок көрүп жатабыз бир айылга(200-300 түтүн) төрт беш эле суу кранын коюп эле бүттү деп койгону эмнеси.ал крандар да тааныш билиш адамдардын үйүнө жакын коюлат
+1
Omush94
2019-08-01 11:20:56
Көзүм жетпейт ушу нерсеге көзөмөл жок
-1
KAYRATBEK
2019-08-01 14:32:19
Ноокен районунда сууну ар бир уй ар бир айыл сатып алып ичебиз. Ар бир уйдо кудук бар. Жоюш керек бул койгойду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан