"Мекен Шейиттери" коомдук бирикмеси: Канкор Бакиевди жактаган эки канал жабылсын!

Канкор Бакиев тууралуу мактаган тасманы көрсөткөн эки канал жабылууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта маалымат жыйынында "Мекен Шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлмира Абдылдаева билдирди.

"Апрель окуясында жолдошторунан, кулундай болгон уулдарынан канчалаган адам айрылган. Жергиликтүү 2 канал аркылуу канчалаган адамдын өмүрүнөн ажыраткан канкор адам тууралуу тасманы көрсөткөнү туура эмес. Элине мындай чыккынчылык жасаган бул каналдар жабылууга тийиш. Расмий түрдө тиешелүү мекемелерге кайрылып, тез арада чара көрүүнү өтүнөбүз.

Чечкиндүү кадамдарды жасап, Бакиевчилерди жазага тартып, өлкөдөн чыгып кеткен активдерди кайтарууну талап кылабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан