Курманбек Бакиевди көрсөткөн эки телеканал жабылбаса митингге чыгабыз. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта маалымат жыйынында "Айкөл Таза коом" коомдук бирикмесинин мүчөсү Усупбий Шеримбеков билдирди.
"Бакиевди көрсөткөн эки канал боюнча тиешелүү кайрылууларды эртең УКМК, Башкы прокуратурага жана башка тиешелүү мекемелерге таштайбыз. Биз ал каналдарга чара көрүлсүн деген талап коёбуз. Эгер тиешелүү чаралар көрүлбөсө, митингге да чыгып өз оюбузду айтууга даярбыз", - деди ал.