Курманбек Бакиев тууралуу даректүү тасманы эфирге чыгарган NewTV жана NURTV телеканалдарынын жетекчилерине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эскертүү берди.
"NewTV`нын жетекчиси Шакиев Нурланбек Тургунбекович жана NURTV телеканалынын жетекчиси Келдибеков Бекболот Ахматбекович профилактикалык маекке чакыртылды. Аларга чагымчыл видео материалдарды жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салуу боюнча расмий эскертүү берилди.
Жетекчилер бул нерсеге түшүнүү менен карап, алдыда мындай иш-аракеттердин кайталанбастыгына милдеттенме алышты", - деп жазылат маалыматта.
30-июлда Бакиевдин 70 жылдык юбилейине арналган даректүү тасма аталган телеканалдардан көрсөтүлүп, талкуу жараткан.