"Аль-Каида" эл аралык террордук тобунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин баласы Хамза бен Ладен каза болду деген маалыматтар тарады. Чет элдик басылмалар Хамза бен Ладендин өлүмү тууралуу АКШнын бийлик өкүлдөрүнө таянып жазып чыгышты.
Бирок америкалык чиновниктер анын качан, кайда өлгөндүгү тууралуу билдирүүнү, ошондой эле Хамза бен Ладендин өлүмүнө АКШнын катыштыгы бар же жок экендиги тууралуу маалыматты тараткан жок.
31-июлда Дональд Трамп Монголиянын президенти менен болгон жолугушуусунун алдында бул окуя боюнча берилген журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан.
Буга чейин АКШда Хамза бен Ладенге тиешелүү маалымат билгендер үчүн бир миллион доллар акчалай сыйлык жарыялаган. Ал эми Мамлекеттик департаментте Усама бен Ладендин баласынын болжолдуу жайгашкан жери тууралуу айтылган. Тагыраагы, ал Ооганстан менен Пакистандын чек арасында же Ирандын аймагында болушу мүмкүн деп божомолдонгон.
Хамза бен Ладен 1989-жылы төрөлгөн.