Техаста нефть заводунан өрт чыгып, 37 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өрт Бейтаун шаарында жайгашкан "Exxon Mobil" заводунан чыккан.
"Жалпысынан 37 адам жабыркаган, анын ичинен айрымдары денесинен күйүк алган. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрт эмне себептен келип чыкканы аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.