Орусияда 80 жаштагы аял 3 адамды өлтүргөнү аныкталды. Анын арасында 8 жаштагы кыз да бар

Хабаровск крайында 80 жаштагы аял 3 адамды өлтүргөнү аныкталды. Анын арасында 8 жаштагы кыз да бар. Бул тууралуу бугүн, 1-августта орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 30-январь күнү 52 жаштагы жарандын дене мүчөлөрү табылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында анын өлүмүнө батирин ижарага берген пенсионер аялдын тиешеси бар экени аныкталган.

"Маркум кылмышка шектүү 80 жаштагы пенсионер аялдын батирин ижарага алып жүргөнү аныкталган. Тергөө иштеринин алкагында "алсыз кемпир" ал жаранды өлтүргөнүн моюнуна алган. Мындан сырткары, тергөөчүлөрдүн тобу пенсионер 2005-жылы 8 жаштагы кызды балталап өлтүргөнү ал эми 2013-жылы өзүнүн таанышын да өлтүрүп койгону аныкталган. Учурда бул кылмыш иштеринин бети ачылып, жакында 3 адамдын өмүрүн алган пенсионер аялдын соту болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nur777
2019-08-01 20:47:18
Бул кемпирдин баласы же дагы бироосу олтурушу мумкун,кемпир олоорум калды,осоорум калган жок деп мойнуна алды,всё...
+11
Pchelka85
2019-08-01 23:06:04
Орустун кемпирлерине ишенич жок. Купчинская Потращительница деп интернеттен таап окусанар.. бул кемпир мындай эле болуп калат. 2015 Питерден кармашкан Купчинская маньячканы... тоже 80 дерге барып калган аял.
0
Pchelka85
2019-08-01 23:06:40
Шизофриниктер да.
-1
Skarlett-Skarlett
2019-08-04 01:27:51
Кемпир алсыз эмес эле олбурлуу деп башка сайттарда журот.3 эле адам эмес коп адамды олтургон.Бирок далил жок.Айылдагылардын баары коркушчу экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан