12-14-сентябрда Бишкекте өтө турган "Мен - бийчи" (Я - танцор) фестивалына британиялык белгилүү ырчы Крейг Дэвид келет. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта маалымат жыйында фестивалдын уюштуруучулары билдирди. Быйылкы фестиваль былтыркыга караганда кеңири форматта өтүп, Хендай Соната унаасы сайылган лотерея ойнотулат. Автоунаа утуп алыш үчүн 70 сомдук купондор сатылат. Мындан тышкары фестивалда дүйнөгө белгилүү бийчилерден мастер-класстар көрсөтүлөт. Крейг Дэвид бир саат бою белгилүү ырларын тартууламакчы. Фестивалдын алып баруучулары Казакстан жана Украинадан келген белгилүү Mc Zu жана Mc Vag болот. “Мен - бийчи” фестивалы Бишкек шаарынын 135-жылдыгына карата Бишкек шаардык мэриянын колдоосу менен борбордук стадиондо өткөрүлөт.