Египеттин Каир шаарындагы жарылуудан 19 адам каза болуп, 30 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымат боюнча кырсык 5-августка караган түнү Онкология институтунун жанында болгон. Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жарылуу бир канча автоунаалардын кагылышынан улам чыккан. Полиция азырынча жарылуунун себебин айта элек. Кырсыктын келип чыгышы тууралуу иштер жүрүп жатат.