Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов эмгек өргүүсүн кантип өткөргөнү боюнча видео жарыяланды.
5-июлдан 15-июлга чейин эл көзүнө чыкпаган Гурбангулы Бердымухамедовдун каза болгону тууралуу тастыкталбаган маалыматтар тараган. Ал эми "Хроники Туркменистана" басылмасы президент каза болбогонун, ал 10 күндөн бери Германиядагы ооруканалардын биринде оор абалда жаткан апасынын жанында экенин жазып чыкты. Түркмөнстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги өлкө башчысынын каза болгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.