3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" Кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышты.
Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тарта турганын айтты.
SUPER.KG порталы "Солтон-Сары кениндеги чырдын токтобой жатышы өкмөттүн чечкинсиз ишинин жыйынтыгыбы?" деген собол салды.
Депутат Исхак Масалиев бул маселе жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кайдыгер мамилесинен улам келип чыкты деген пикирде.
"Өкмөт башынан уруксат берген жана чечим кабыл алган. Анан учурда кандай чечкиндүү кадамдар кабыл алынат билбейм. Өкмөт бул кендин иштөөсүн токтотушу керекпи же элдин чырын токтотушу керекпи? Негизи бул чырды сүйлөшүү жолу менен бүтүрүшсө жакшы болмок. Бардык жагдайларды элге туура түшүндүрүү зарыл.
Бул абалга жеткенин жергиликтүү бийлик билип, сезиши керек болчу. Алар алдын ала бул маселени чечүүгө болгон күч-аракетин жумшап, чырды токтотуп калуу мүмкүнчүлүгүн издеп аракеттенсе, балким, буга жетмек эмес. Башында эки жигит урушуп кеткен болсо аларды токтотуп, экөөнү элдештирүү жол-жобосун издеши керек болчу. Бул жагдай бүгүнкү өкмөттүн алсыздыгы, себеби ошол жерде аким, губернатор отурат. Алар кызмат ээлеп, айлык акы алып жаткан соң өз милдеттерин аткарууга тийиш, эгер аткара албаса бошотуп бериши керек.
Негизи ишкерлер менен келишим түзгөндө ошол жерде эмгектенгендер 60-70 кытай эмес Кыргыз жарандары болгондо мындай чыр болбойт болчу. Өлкөгө ишкерлер келгенде өкмөт элдин кызыкчылыгын да ойлоп турса ушундай жагымсыз нерселер болбойт болчу", - дейт депутат.