Быйылкы жылдын июль айы мээ кайнаткан ысыктыгы боюнча рекорд койду

Быйылкы жылдын июль айы Жерде метеорологиялык байкоо жүргүзүлүп башталгандан бери тарыхтагы эң ысык ай болду. Бул тууралуу европалык "Copernicus" программасынын негизинде климаттын өзгөрүүсүн көзөмөлдөө кызматынан билдирди.

Маалыматта буга чейин эң ысык июль айы 2016-жылы болгону айтылып, анын рекордун быйылкы жылдын июль айы 0,04 градуска ашып жаңылады. Ал эми 1981-2000-жылдар аралыгындагы мезгилге салыштырмалуу июль айындагы температура 0,56 градуска жогору болгон.

Европалык союз тарабынан каржыланган "Copernicus" программасы изилдөөлөрүн спутниктен алынган байкоо маалыматтарына таянып чыгарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан