"Палоо сенден, шарап бизден!". Беларусь президенти Курманбек Бакиевди 70 жылдык юбилейи менен куттуктады

Беларусь президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиевге "палоо сенден, шарап бизден" деди. Бул тууралуу ал Курманбек Бакиев менен жолугушуу учурунда айтты. Жолугушуу бүгүн, 6-августта болгонун өлкө башчынын расмий сайты жарыялады.

"Алардын жолугуп, сүйлөшүүсүнө Курманбек Бакиевдин бир нече күн мурда белгилеген 70 жылдык юбилейи себеп болду. Беларусь лидери эгемендүүлүк сарайында Бакиевди кабыл алып, көчмөндөрдүн бүркүт менен аңчылыкка чыкканы тартылган картинаны белекке берди. Ошондой эле Александр Лукашенко юбилей ээсине кортик (ичке канжар) жана букет тартуулады. Курманбек Бакиев белек үчүн ыраазычылыгын билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Александр Лукашенко менен Курманбек Бакиевдин сүйлөшүүсүнөн кыскача үзүндү.

- "Бул менин өлкөм го... Жылкылар, бүркүттөр..." деген картинаны көргөн Бакиев.

- "Сенин өлкөң жана сенин чөйрөң. Бул сыймыктуу куш сага окшош" деген Лукашенко.

- "Биз, баарыбыз сенин туулган күнүңө барабыз. Сен бизге кыргыздын палоосун жасап бересиңби? Палоо сенден, шарап бизден болсун!" деген Александр Лукашенко.

Курманбек Бакиев меймандарын кубануу менен тосуп алып, палоону өзү даярдай турганын айткан.

"Сенин юбилейиңдин урматы үчүн бүгүн бизде Беларусь-Кыргыз достук күнү" деди Лукашенко. Куттуктоонун аягында алар актуалдуу маселелер боюнча сүйлөштү.

Курманбек Бакиевдин Минск шаарында өткөн 70 жылдык юбилейинде өзбекстандык "Ялла" тобу ырдаганы социалдык тармакта кызуу талкууга алынган.

Курманбек Бакиев Лукашенкого палоо басып берүүнү убадалады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
yrmat88
2019-08-06 23:09:26
Ууру ууруну алыстан тааныйт болду да. Лукашенко кыргыз элин кемсинтип шылдыңдагансып атайын жасап жатат. Ак үйдүн башына снайперлерди жалдап алып элдин канын төккөн Бакиевти Лукашенкодон башка ким кечирсин. Лукашенко башка, кыргыз эли башка. Мүмкүн Лукашенко Бакиевтин бир жерин жалашы мүмкүн, кыргыз эли антпейт. Жанагы Максим менен Жаныш деген иниси эмнени гана кылышкан жок.
-7
Nurtilek82
2019-08-07 05:07:38
yrmat88,э манкурт кана ошо снайперлер кордунбу же кармадынбы аша менен бекназаровдун жомогуна дагы деле ишенип журосунго дейм!
+12
Tiken
2019-08-07 14:20:21
yrmat88,кошо Бакиевдин жанында жургондой пикир калтырыпсыз, же кошо журдунуз беле! Бакиев, Акаев, Атамбаев, Жээнбеков баарынын эч айырмасы жок!!! Кимиси суттой таза айткылачы?! Таза адам Улан Эгизбаев болчу...
+2
bond02
2019-08-06 23:10:23
Чыныгы президент Бакиев!!!
+7
Kyrgyz_bloger
2019-08-06 23:22:33
Уй-булоосун башкара албаган адам олкону башкарууга олтурганы бул бети жоктук,Курманжан датка эл учун баласын садага чапты,Бакиев каны бузук орус эмес же кыргыз эмес баласына алы жетпеди,Бакиевдин фанаттары курулай эле мактай бербей Беларусияга барып белек берип куттуктап келгиле да,Бек Борбиевди алып алгыла.
+12
make2
2019-08-06 23:36:26
Kyrgyz_bloger,Таамай айттың
+6
Anti-S
2019-08-06 23:47:57
make2, бут жашоосуна гааразы болгондор го. Бакиев чыныгы патриот президент. Элдик президент. Сизди кутуп жатабыз. Калганынар орттоно бергиле. Бакиев элдин сыймыгы!!!
-10
Kyrgyz_bloger
2019-08-06 23:58:26
Anti-S,кайсы бир президент учун жашоого нааразы болуу бул акмакчылык,болгону чындыкты айтуу керек,Бакиевдин козго корунуктуу ишин корбодум деги эле эч бир президенттин,Бакиевди колдогондор эмнеге Максимди,Жанышты айтпайсынар же алар чужойбу же алар жыргаттыбы.
+11
Nurtilek82
2019-08-07 05:14:00
Kyrgyz_bloger,созуно кошулам иниси менен баласы болбогондо мыкты эле президент болгон Атамбаевге караганда
-8
Rystambekkg
2019-08-07 17:55:56
Kyrgyz_bloger,
Билбесен корбойсун
-1
Dj.
2019-08-07 18:38:15
Rystambekkg, Бакиевдин жарыгы сага окшогон кошоматчыларыга эле тийбесе, элге тийген эмес!!!
0
Dj.
2019-08-07 00:07:33
Anti-S, Каркыраны саткан, элди как какшаткан канкор адамдын орду сургун. Ошол жакта оло берсин Бакиев Кадыржан Батыровго окшоп...
+10
Avrora2017
2019-08-07 00:57:11
Dj.,баатыров олду беле
-8
Dj.
2019-08-07 01:24:36
Avrora2017, Кадыржан Батыров олду го былтыры кышта, жаны жылдан мурун. Украинада, Одессада жашынып жургон экен. Сургундо журуп олуп, соогун коюга Кыргызстан уруксат бербей Ташкентке комду го...

Кудайдын каргышына калган адам. Бакиев элдин каргышына калды, Кудайдын каарына калды. Ботон жерде мусаапыр болуп жургонуно ардансын Бакиев. Жашоодо ушундай учур болот, миллиондогон байлыгы, Лукашенкого окшогондордун колдоосунан туулган жердин бир кочуш топурагы кымбат болгон.
+14
Nurtilek82
2019-08-07 05:18:29
Dj.,тууганым азыр кыйкырган менен анын баарын тарых озу эле таразалап коет убагында Разаковду дагы ушинтип кууган ата бабаларыбыз аягы эмне болду орусиядан соогун кайра алып келишти биз убагында жанылган экенбиз деп
-8
Dj.
2019-08-07 10:21:48
Nurtilek82, Разаковду эл кууган эмес. Разаков элдин наалат, каргышына калган эмес. Разаковду СССРдеги кайсы бир акмак жетекчилер Москвадан жонотпой койгон Кыргызстанга.

Бакиев Раззаковдон айланып кетсин. Раззаков оз элине ак кызмат кылган чыныгы эл уулу. Бакиев болсо оз элинин ырыскысын уурдаган ууру, элдин наалатына калган канкор. Бакиевдин орду сургун. Топурак буюрбасын Кыргызстандан Бакиевге!
+12
Nurtilek82
2019-08-07 05:30:14
Dj.,каркыраны Мадыке саткан
-11
Dj.
2019-08-07 10:17:25
Nurtilek82, Каркыраны Бакиев саткан да. Билбесен эмне кыласын суйлоп?! Мадумаровдун да салымы бар. Бакиевдин камчысын чаап, жардам берген.
+9
TalaCSKA
2019-08-07 00:43:02
Anti-S,урматтуу жердешим Бакиевти аяабай колдосон мага тушундуруп берчи сураныч эмнеге мобильный связдын ар бир байланышына 0.60 тыйын кошконун эмнеге ком услуганы дароо эле 5 эсе которгону электроэнергияны эмнеге 3 эсе дароо которгонун?Токтогул суу сактагычындагы адатка айланган суу жетишсиздиги болгонун хотя ошол убакта деле кыш жакшы эле болчу каар кудайга шугур жаап турган ал кетери менен суу толдуго же эмне Атамбаев сууну да кытайдан карызга алды дейсинби ?
+13
Nurtilek82
2019-08-07 05:28:14
TalaCSKA,тууганым сен дагы деле жомокто жашап атасынго дейм светтин акчасын 1,30тый которду азырчы 500кв/саат 75 тый андан кийин 2,30тый Атамбаев махинация кылып койду ком услуга Бакиевдин убагында суу мусорго ар бир жанга 45сомго которгон Атамбаевдин убагында счетчик койду ар бир адамга айына 120 сомдон айланып калды ырчы,чоорчу деги эле баарына налог кылып салды ошондо дагы сен Атамбаев жакшы десен анда сен кор экенсин
-9
Avrora2017
2019-08-07 00:55:21
Anti-S,бакиев сенин сыймыгын элдин атынан суйлобо
-10
Ernisbii
2019-08-07 15:15:47
Anti-S,Күтпөй эле жанына кошо качып барып ал уборшик болуп орношуп алсаң сенин айлыгыңан 60тыйындан жейт.
+4
Rystambekkg
2019-08-07 17:54:56
Kyrgyz_bloger,
Озундун канын бузук
Бакиев эн мыкты иштеген президент
-1
Dj.
2019-08-07 18:39:26
Rystambekkg, Бакиев канкор президент. Бакиевдин тушунда канча канча адам олду. Рысбек Акматбаевдин олумуно да Бакиевдердин тиешеси бар!
0
Chungyz
2019-08-07 00:04:32
Олкосу жок мусапыр президент
+18
Begimay.emir1
2019-08-07 02:02:42
Эн татыктуу президент мен учун
-5
Tursunbaev2017
2019-08-07 02:54:43
Элдин пейили кандай болсо,ажо дагы ошого жараша болот дейт,пейилибизди оңдойлу,талашып тартышкандан пайда жок,не нам судить,ар ким өзүнүн күнөөсүнө өзү жооп берет акыретте
-4
titanik32
2019-08-07 09:24:34
Курманбек Бакиев азаматсыз,сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетбейт демекчи дагы деле алдуу күчтүү сындуусуз.Президент сиздей болсо сындуу сүрдүү.Анан ким бирөөгө окшоп ак көйнөк көк шым менен жүрө бербей.Сизге ден соолук узун өмүр,сиз аксыз тарых актайт сизди.Кыргыз эли сиз менен.!!!
-8
tatynam_88
2019-08-07 09:27:19
Бакиевге ким суйлосо эле "кызуу талкууга" тушотта
-7
Flowhive
2019-08-07 10:41:13
Жерлерди саткан президент да
+2
alaialaibekov
2019-08-07 14:13:29
Эн татыктуу президент болчу .Баардык жагынан келишкен .Баары менен тен ата суйлошо алган .
+7
Rystambekkg
2019-08-07 17:58:40
alaialaibekov,
Жугунбогону,чоголобогону учун орустар
Алып тушту
-1
Mars575
2019-08-07 16:42:48
Мен Бакиев жонундо эмес, а Лукашенконун адамгерчилиги жонундо соз кылгым келет. Лукашенко чыныгы эркек, чыныгы дос экенсин. А биздикилерге окшоп бирин бири чукубай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан