Саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди камакка алууну талап кылышты. Алар ачык кат менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.
"Президент Сооронбай Жээнбеков тазалоо жана жаңылоо саясатын жүргүзүп жатат. Мамлекет башчы мекендин кызыкчылыгын өзүнүн мурдагы досунун кызыкчылыгынан жогору койду. Президенттин жаңы саясаты Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо таап, депутаттар Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратты. Чынын айтканда, парламент колдогон президенттин саясатына органдар жана жетекчилер тарабынан бут тосулуп жатат. ЖЭБди жаңылоо боюнча коррупциялык ишке айыпталып жаткан Аскар Шадиевдин, Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча шектелип жаткан Бусурманкул Табалдиевдин өлкөдөн чыгып кетишине эмнеге жол берилди? Эмне үчүн аларды өлкөгө кайтарып келип камаганга чара көрүлбөй жатат? Мындан улам азыркы президент экс-президенттин кызыкчылыгын коргоп жатат деп божомолдоп жатабыз. Эмне үчүн Атамбаевге депутаттык комиссия таккан 6 айыптын эң башкы күнөөлөрү алынып калган? Атамбаевдин жоопкерчилигин элдин алдында жеңилдетүү максатында президент тарабынан аны жашыруун колдоо экени көрүнүп турат. Эмнеге Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиз болуп турса да, ал дагы деле камакка алынбай жатат? Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү кооптуу болуп турат. Атамбаев күзүндө өзүнүн тарапташтары менен мамлекеттик төңкөрүш жасай турганы көрүнүп турат. Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгоп, аны камакка алууну талап кылабыз", - деп жазылат саясатчылардын кайрылуусунда.