Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт

9-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйыны өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамда өтмөкчү.

"Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 15 маселе киргизилген. Анын ичинде транс чек аралык аракеттенүүгө, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдоруна, алкоголдук рынокту жөнгө салууга, 2018-жылдагы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүгө байланыштуу жана башка актуалдуу маселелер киргизилген. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. ЕАЭБдин премьер-министрлеринин президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу күтүлөт. Мындан тышкары, жыйындын алкагында өкмөт башчылардын эки жактуу жолугушуулары күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан