Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов айтканын өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
Чечим Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын тиешелүү корутундусунун негизинде кабыл алынды.
Кубатбек Боронов өзгөчө белгилегендей, жергиликтүү жашоочулардын койгон талаптары мыйзам чегинде аткарылат. Мындан тышкары, кенде бул күндөрү жергиликтүү калктын жана кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн окуяларга байланыштуу тыкыр тергөө жүргүзүлөт. «Ведомстволор аралык атайын комиссия өз ишин жүргүзөт. Алардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат», – деди биринчи вице-премьер.
Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, «Zhong Ji Mining Company» компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып иштейт. Кен-Бучук жана Алтын-Төр деген 2 участоктон турат. «Zhong Ji Mining Company» Кытай-Кыргыз ЖЧК компаниясына кен пайдалануу укугуна биринчи лицензия 2009-жылы берилген. Кийин уруксат кагаздары 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеев тарабынан узартылган. Акыркы уруксат кагазы 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаков өкмөт башчы болуп турганда алынган. 3228 АЕ лицензиясы — 2013-жылдын 4-февралынан 2033-жылдын 4-февралына чейин Солтон-Сары кенинин Бучук участкасынан алтын казууга 20 жылга уруксат берилген.