Жаңы Зеландияда бою 1 метрге жеткен алп тоту куштун калдыктары табылды

Жаңы Зеландияда бою 1 метрге жеткен алп тоту куштун калдыктары табылды. Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы билдирди.

Палеонтологдор дүйнөдөгү эң чоң көлөмдөгү, бою 1 метрге, салмагы 7-10 килограммга жакын тоту кушту табышты. Болжолдуу түрдө ал жырткыч канаттуу болгон. Күтүлбөгөн ачылышты жана анын көлөмүн баса белгилөө максатында кушка Heracles inexpectatus аталышын беришкен. Анын аталышы "Тажрыйбасыз Геракл" дегенди түшүндүрөт. Канаттууну 19 миллион жыл мурдагы мезгилге таандык калдыгын 2008-жылы табышкан, бирок алгач аны алп бүркүттүн бир бөлүгү деп ойлошкон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан