Бразилияда кыздай болуп кийинип алган кылмышкер түрмөдөн качууда кармалып калып, 3 күндөн кийин өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
3-августта Клаувину да Силва аттуу кылмышкер өзүнүн 19 жаштагы кызындай кебетеде, тагыраагы жасалма чач кийип, силикон бет кап, көз айнек тагынып, күлгүн түстөгү футболканы кийип алып, түрмөдөн качып чыгууга аракет жасаган. Бирок анын бул аракети ишке ашпай калып, колго түшүрүлгөн. Арадан 3 күн өткөндөн кийин 42 жаштагы кылмышкер жалгыз отурган камерасында өзүнүн жанын кыйган.
Рио-де-Жанейро штатындагы түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп келген кылмышкер баңги затын сатуу үчүн соттолуп, 73 жыл жана 10 айга эркинен ажыратылган.