Дүйнөнүн эң бай адамдары бир күн ичинде 117 миллиард доллар каражатынан кол жуушту

Дүйнө жүзүндөгү эң бай делинген адамдар 1 күн ичинде чыгашага учурады. Тагыраагы, алар финансы рыногундагы кырдаалга байланыштуу 5-августта 117 миллиард доллар каражат жоготконун батыш басылмалары жазып чыкты

"Bloomberg" компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдөгү 500 жеке ишкер 117 миллиард долларынан ажыраган. Алардын ичинен эң көп "Louis Vuitton Moеt Hennessy" компаниясынын президенти Бернар Арно 4 миллиард доллар чыгымга учураган.

"Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос 3 миллиард 500 миллион долларын жоготкон.

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг 2 миллард 700 миллион долларынан кол жууган.

Мындай жоготууга америкалык акцияларга болгон баанын төмөндөп кетиши себеп болгон. Ал эми эксперттер финансы рыногундагы мындай көрүнүштү Кытай менен АКШнын ортосундагы соода мамилеси солгундаганы менен түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asdef
2019-08-07 18:52:14
Ошондон коро мага 1 млрд доллардан беришкенде жакшы болмок
0
zuxrab777
2019-08-07 19:07:57
15000 айлык алган адам, 600 сомун жоготкондой эле геп аларга,
+2
Dj.
2019-08-07 19:12:33
Фондулук биржада акциялар бир томон тушуп бир которулуп турат. Нефтинин баасы да кымбаттап же арзандап ойноп тургандай.

Бул бай адамдардын бугун жоготкон миллиарддары эртен эле кайтып келет, акциялардын баалары оскондо. Ошондуктан булар ойлонуп да койбойт, миллиард жоготтум деп.
+1
Chungyz
2019-08-07 20:13:50
Менда жоготтум миллиард
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан