Redmi жаңы 64 мегапикселдүү сенсорунун ачылышында мындан да чоң амбициясы тууралуу жаңылыгын бөлүштү. Ал негизги камерасы 108 мегапиксель болгон биринчи гаджетти чыгарарын жарыялады. Бул тууралуу Redmi компаниясынын башчысы Лин Бин билдирди.
Дүйнөдө алгачкы ирет 108 мегапиксель болгон сенсор Samsung тарабынан иштелип чыгууда. Мындайча айтканда, түштүк кореялык компания менен биргеликте иштелип чыгарылган продукт болот. Бул чиптин матрицасы 12 032 х 9024 пиксель менен сүрөт тартууга жөндөмдүү.
Айрым маалыматтарга караганда, негизги камерасы 108 мегапиксель, оптикалык зум 10 эсе болгон гаджет 2020-жылы сатыкка чыгат. Ал эми Лин Бин бул өзгөчө гаджеттин аталышы кандай болорун, техникалык мүнөздөмөсү тууралуу жана качан сатыкка чыгарын коммерциялык сыр иретинде айткан жок.