Японияда бир аптада мээ кайнаткан ысыктан 57 адам каза болду

Японияда бир апта аралыгында мээ кайнаткан ысыктан 57 адам каза болду. Ал эми 18 миң 347 адам ооруканага кайрылган.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, 29-июлдан 4-августка чейинки аралыкта Япониянын дээрлик бардык аймактарында мээ кайнаткан ысык орун алган. Мындай аба ырайында ысык өткөрүп алып ооруканага кайрылгандардын саны өскөн. Алсак, Токиодон 1857, Айти жана Сайтаме префектурасынан 1342-1307 адам дарыгерлерге кайрылган. Бейтаптардын жарымынан көбү 65 жаштан жогоркулар болгон.

Былтыр катуу ысыктан Японияда 150дөн ашуун адам каза болуп, миңдеген адамдар ооруканага кайрылганы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан