Солтон-Сарыда алтын кенин иштеткен кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын чырына чекит коюла элек. Кечээ, 6-августта компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы чыгышкан жергиликтүү тургундар койгон талаптарына бийлик кулак салсын деген максатта Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабабыз деп Он-Арча айылына келишип, боз үй тигишкен.
2014-жылы Кылмыш-жаза кодексине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, стратегиялык маанидеги унаа жолун мыйзамсыз тоскондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
SUPER.KG порталы "Жолду тосуу кылмыш болуп саналат. Анда элдин үнүн ким угат?" деген собол салды.
Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, бардык нерсе ачык, айкын болушу керек. "Бийлик элдин үнүн жолду тостурбай эле угушу шарт. Биринчи эле кадамдарда бардык нерсе ачык, айкын болушу зарыл. Биз деле митинг өткөргөндө жөө жүргүнчүлөр өткөн жолду тоспой турабыз", - дейт Карасартова.