Укук коргоочу Азиза Абдирасулова: "Жолду тоскондор, уюштургандар мыйзам алдында жооп бергенге моралдык жактан даяр болушу керек". КҮНСОБОЛ

Солтон-Сарыда алтын кенин иштеткен кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын чырына чекит коюла элек. Кечээ, 6-августта компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы чыгышкан жергиликтүү тургундар койгон талаптарына бийлик кулак салсын деген максатта Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабабыз деп Он-Арча айылына келишип, боз үй тигишкен.

2014-жылы Кылмыш-жаза кодексине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, стратегиялык маанидеги унаа жолун мыйзамсыз тоскондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

SUPER.KG порталы "Жолду тосуу кылмыш болуп саналат. Анда элдин үнүн ким угат?" деген собол салды.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова белгилегендей, кээ бир учурда мыйзам адам укугун бузуп калат. "Мыйзам жарандар үчүн жазылат, ошол себептен ага баш ийип жашаш керек. Бирок мыйзам адамдардын укугун бузган убакта жарандар жарылып чыгып, Конституцияны өзгөрткөнгө аракет кылышат. Мен Кыргыз өлкөсүндө жолду тосуу аракетинин болушун каалабайм. Жол стратегиялык объект болуп эсептелет. Ал жолдон түрдүү адамдар өтөт. Арасында оорулуулар, жакындарын акыркы сапарга узаткандар өтөт. Мен укук коргоочу катары жолдун тосулушуна каршымын. Бирок эл үнүбүз угулсун деп мыйзам бузуп жатканын билип туруп жолду тосушат. Жолду тоскондор, уюштургандар мыйзам алдында жооп бергенге моралдык жактан даяр болушу шарт", - дейт Абдирасулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан