Президент Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков 7-августта өзүнүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкек шаарына келген. Жыйын эртең менен өтөт.