"Free Super Tips" компаниясы футбол күйөрмандары үчүн жумуш орундарын ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жаңы ачыла турган компаниянын келечектеги кызматкери Англия Премьер-Лигасынын бардык оюндарын калтырбай көргөн, стадиондо үйдө жасалган пирог менен тамактанышы керек. Кызматкерге Англия Премьер-Лигасынын 2019-2020-жылдагы оюндарына билеттер берилет жана пирогдорду сатып алууга акча каражатын төлөп берет. Чет элдик маалымат каражаттары бул сунушту "Кыялыңдагы жумуш" деп аташкан.
Жумушка Британиянын 18 жашка чыккан жашоочулары орношо алат.
Англия Премьер-Лигасынын жаңы сезону 9-августта Ливерпуль менен Норвичтин ортосундагы оюн менен башталат.