Бүгүн, 8-августта Нарын облусунда абал туруктуу. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Чий айылынын тушуна боз үйлөр тигилген. "Чогулган эл тараган эмес. Абал туруктуу, ал жерде канча адам бар экени белгисиз" деп билдирди басма сөз кызматынан.
3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.