"Disney" компаниясы "Үйдө жалгыз" тасмасын кайра тартат

"Disney" компаниясы 30 жылдан кийин "Үйдө жалгыз" тасмасын кайра тартат. Ошондой эле компания "Музейдеги түн" жана "Коркоктун күндөлүгү" тасмаларын кайра тартуулоону пландап жатат. Бул тууралуу компаниянын аткаруучу директору Роберт Айгерге шилтеме берүү менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, учурда долбоор боюнча кененирээк маалыматтар айтыла элек. Айгердин айтуусуна караганда, тасмалар жаңы муунга карата жаңыланмакчы.

"Тартуу процесстери качан баштала турганы тактала элек. Бардык тасмалар ушул жылдын ноябрь айында Disney+ жаңы стриминг платформасында көрсөтүлөт. Disney+ сервисине катталуу айына 7 доллар турат. Буга чейин "Disney" компаниясы "Падыша арстан", "Дамбо", "Күлчү кыз", "Жунгли китептери" жана "Сулуу жана түрү суук" ремейктерин чыгарганы маалым. Ал эми, келерки жылы "Мулан" жана "Суу периси" толук метражду тасмаларын чыгарууну пландоодо", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан