Депутат Жогорку Кеңештин жыйынына президент, өкмөт башчыны чакырууну сунуштады

Депутат Мирлан Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-августта парламенттин кезексиз жыйынында айтты.

"Бүгүн мамлекетибизде кырдаал өзгөрүп турат. Маселени акылдашып токтотуп, чараларды көрүү зарыл. Эгерде бул жерде бир чечимге келбесек, Жогорку Кеңеш тарашыбыз керек", - дейт Мирлан Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков премьер-министр жолдо келе жатканын айтты.

Кечээ, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапташтары кагылышкан. Андан 45тен ашык адам жаракат алган. Күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан