Өкмөт бүгүн Жогорку Кеңеште Солтон-Сарыдагы чыр боюнча маалымат берет

Депутат Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Солтон-Сарыдагы чыр боюнча өкмөттүн маалымат берүүсүн сунуштады.

Анын сунушун спикер Дастанбек Жумабеков добуш берүүгө койду. Жыйынтыгында сунуш колдоо тапты.

3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан