Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн үйүндө мыйзамдын талабына баш ийген жок. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди.
Анын айтымында, Атамбаевдин тарапташтары курал менен каршылык көрсөтүшөрүн атайын даярдыктагы жоокерлер күткөн эмес. "Менде Атамбаевдин тарапташтары курал, таш колдонгон сүрөттөр бар. Атайын даярдыктагы жоокерлер куралчан эмес болчу. Алар ошол жактагы элден жана Атамбаевден курал колдонушат деп күткөн эмес", - деди ал.
Кечээ, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапташтары кагылышкан. Андан 45тен ашык адам жаракат алган. Күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.