ИИМ: "Кой-Ташта коомдук коопсуздукка тартылган биздин кызматкерлердин колунда эч кандай курал-жарак болгон эмес"

Кой-Ташта коомдук коопсуздукка тартылган биздин кызматкерлердин колунда эч кандай курал-жарак болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңеште ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Ал окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери коомдун коопсуздугун сактоо үчүн барганын айтты. "Жалпы 44 адам медициналык жардамга кайрылышты" дейт ал. Өмүрзаков Кой-Ташта болгон окуя тууралуу маалымат берди.

Кечээ, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапташтары кагылышкан. Андан 45тен ашык адам жаракат алган. Күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан