УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетүүнү чечкенин айтты

Депутат Мирлан Жээнчороев күч органдарынын жетекчилери бүгүндөн калбай отставкага кетиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, УКМК саясатчылардын артынан кууп жүрүп, өзүнүн кызматын, абалын унутуп калып жатат.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетүүнү чечкенин айтты. Ал президенттин чечимин күтүп жатканын белгиледи.

"Президенттин чечимин күтпөй бүгүн кызматтан кетишиңер керек. ИИМдин жетекчилери дагы кызматтан кетиши шарт. Маалыматты билбей туруп, кызматкерлерди Кой-Ташка жөнөттүңөр", - деди Жээнчороев.

Кечээ, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапташтары кагылышкан. Андан 45тен ашык адам жаракат алган. Күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан