Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов эл өкүлдөрүнүн күч органдарынын жетекчилерин күнөөлөгөнү туура эместигин айтты.
"Бүгүн УКМК же башка күнөөлүү деп баарын жумуштан кетирели. Атамбаев ошол жерде отура берсинби? Эмнеге бүгүн Атамбаев тууралуу айтпайсыңар? Атамбаев өзүмдүн үйүм, өлкөм деп өзүнчө мамлекет куруп алган. Курал колдоном деди эле, кызматын аткарып барган адамды өлтүрүштү. Ал өзүм ок аттым деп айтып жатат. Атамбаев эмне мыйзамдан жогорубу же асмандан түшкөнбү? Бизди да кармаганда баш ийгенбиз. Соттун чечимин күткөнбүз. Эмнеге Атамбаев антпейт?" - деди Талант Мамытов.