Орусияда жүргүнчү ташыган автобус менен жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, 41 адам жаракат алды

Орусиянын Новороссийск шаарында орун алган жол кырсыгынан 41 жаран жабыркап, 3 адам каза болду. Жол кырсыгы кечээ, 7-августта Новороссийск-Керченск унаа жолунда катталган. Анда кысыктан өтүп бара жаткан автобус жүргүнчүлөрү менен жеңил унаа сүзүшүп, жардан кулап түшкөн.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен 41 адам денесинен ар түрдүү жаракаттарды алса, дагы 3 жаран каза болгон. Жабыркагандардын 12си жашы жете элек балдар.

"Жол кырсыгына кабылган 13 адамга тез арада операция жасалган. Дагы 5 жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда. Ошондой эле, 3 киши Краснодар шаарындагы ооруканага "Тез жардам" унаасы менен жөнөтүлдү. Мындан тышкары, абалы оор делинген кичинекей баланы клиникалык ооруканага тик учак менен жеткирүү пландалууда", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан