Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өтүп жатат. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков келди.
"Атамбаев үч жолу суракка чакырылган. Бирок барган эмес. Мыйзамдын талаптарына ылайык, аны күбө катары алып келүү иш-аракеттери болду. Бирок Атамбаев Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын четке кагып, курал колдонуп, каршылык көрсөттү. Мыйзам талаасынан чыгып кетти. Мындан улам укук коргоо органынын кызматкери каза болду. Анын өмүрү бийлик, байлыктан дагы кымбат. Мекендештер форумунда анын апасы менен бирге болдук эле. Мурда Атамбаев күбө катары чакырылса, эми кылмышка шектүү катары чакырылат", - деди Жээнбеков.