"Алмазбек Атамбаевди алып чыга албай калды, бийлик алсыздык көрсөттү" деген ачуу сынга карабай, Кой-Ташка кошумча күч жөнөтүлгөн жок" деп бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңеште президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Ал кырдаалды мындан ары курчутпоого аракет кылышканын айтты. "Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок. Кан төгүлбөсүн деп желим ок колдонулду. Бийликтин кадыр-баркы төгүлсө да, мекендештерибиздин каны төгүлбөсүн дедик", - дейт мамлекет башчы.