Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов Атамбаевди кармоо операциясы кайрадан башталганы тууралуу маалымат чыгып жатканын айтты.
"Кечээги окуядан кийин бүгүн сабак ала албай экс-президентти кармаш үчүн кайра күч органын жибердиңерби? Бирок ал жерде кыргыздын жөнөкөй жарандары турат да. Алар Атамбаев президент болуп тургандагы эбегейсиз чоң иштерди жасаганы үчүн колдоп турат. Экинчи жолу чабуул болсо ким мойнуна алат. 4 жылдан кийин ушул маселеге жаңы бийлик, жаңы парламент кайтып келет. Бул боюнча ким жооп берет?" - деди Касымалиева.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Атамбаевди кармоо операциясын кайрадан уюштуруу планы жок болчу деп айтты.