Жанар Акаев: "Бизге бирөөнүн бийлик талашы маанилүү эмес, мамлекеттин бүтүндүгү маанилүү"

"Бизге бирөөнүн бийлик талашы маанилүү эмес, мамлекеттин бүтүндүгү маанилүү" деп бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал бир да адамдын өмүрү бийлик талашка арзыбай турганын айтты. "Кырдаалга көз салып, эмне болуп кетет экен деп унчукпай отуруп албашыбыз керек. Атамбаевдин соңку аракеттери кечирилгис. Тарыхта мындай болгон эмес. Бул киши аялдарга, жаштарга, таштарга жашынып, өзүбүздүн чырактай жарандарыбызды атты. Мындан ары, чагымчылдыкка жол берген интернеттеги билдирүүлөрдөн чектегиле. Бизге төбөлдөрдүн бийлик талашы маанилүү эмес, мамлекеттин бүтүндүгү маанилүү", - дейт депутат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан