Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бүгүн, 9-августта иш сапары менен Кыргыз жергесине келип, Ысык-Көл облусунда жайгашкан Тамчы аэропортуна конду. Аны вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп алды.
Пашинян Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат жана президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Иш-чара Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Буга чейин Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин, Беларусь премьер-министри Сергей Румас, Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев келген.