Австралия жашоочулары континенттеги эң сүйкүмдүү коаланы тандашты

Австралиянын жашоочулары континенттеги эң сүйкүмдүү коаланы тандашты. Интернет колдонуучулары Таллоу аттуу коаланын сүрөтүнө 10 миңдей жагымдуу билдирүүлөрүн калтырышкан.

Австралиянын тургундары эки айдын ичинде континенттеги эң сүйкүмдүү коала үчүн тандоо турун жүргүзгөн. Аны Голд-Кост шаарындагы "Paradise Country Nature Park" паркындагы 8 айлык Таллоу жеңип алган. Жалпы сынактын жыйынтыгын Tourism Australia мамлекеттик порталы жарыялаган.

"Финалдык бөлүктөгү добуш берүү 24 саатка созулган. Добуш берүүгө 1 миллионго жакын адам катышып, эң көп добушту Голд-Кост шаарынын улуттук паркындагы Таллоу алган", - деп калыстар тобундагы мүчөлөрдүн бири, порталдын туризм боюнча менеджери Глоба Ник Хендерсон билдирди.

Paradise Country паркы Таллоунун жеңиши менен сыймыктанарын билдирди. Улуттук парктын кызматкерлери өздөрүнүн бардык коалаларын сүйкүмдүү экенин белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2019-08-10 04:02:32
Мелдешке катышкан башка коалалардын да суротторун жуктоп койсонуздар, салыштырып коруп иий чын эле жакшынакай экен деп калалы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан