Алтайда илимде белгисиз болгон жөргөмүш табылды. Ал тоонун боорунда жашайт.
Окумуштуулар буга чейин илимде белгисиз болгон жөргөмүштөрдүн түрүн Катун коругундагы Мультин участкасында таштардын арасынан тапканын чет элдик басылмалар жазып чыкты. Алар өтө коркок болгондуктан, адамдарды көрөр замат таштын жылчыктарын көздөй кире качкан. Бирок окумуштуулар бир нече жөргөмүштү кармап калууга жетишкен.
Жөргөмүштөрдүн бул түрү Lycosidae (карышкыр жөргөмүш) түркүмүнө кирери белгилүү болгон. Бул жөргөмүштөр бийик тоолордо гана жашашат. Алардын 2-3 түрү Алтай тоолорунда такай жашай турганы билинди. Алар тоо кыркаларын жердешет.