Бишкектеги №4 троллейбус каттамынын айдоочулары жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Бул тууралуу айдоочулардын бири SUPER.KG порталына билдирди.
"Курман айт майрамы менен шаар тургундарын куттуктайбыз. Майрамдын урматына биздин коллектив жүргүнчүлөрдү акысыз ташуу чечимин кабыл алдык. Кечки саат 21:00гө чейин каттам акысыз болот", - дейт ал.