Уругвайдын Монтевидео шаарында өткөн UFC Fight Night 156 мелдешинде мушкер Валентина Шевченко америкалык Лиз Кармушту жеңип, чемпиондук курун коргоп калды.
Валентина Шевченко жеңишке жеткенден кийин октагондо адаттагыдай салттуу бийин бийлеп талкууга алынды. Ал буга чейин америкалык Жессика Айды утуп алганда октагондо лезгинка бийин бийлеген. Айрым интернет колдонуучулары "Эмнеге эле бийлей берет?" десе, айрымдары "Спортчу, бийчи, тилчи" деген мактоо сөздөрүн калтырышкан.