АКШда бала бакчадан өрт чыгып, 5 бала каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсык 11-августка караган түнү саат 1:12 чамасында Пенсильвания штатынын Эри шаарында орун алган.
"Өрт өчүрүүчүлөр өрт башталгандан 4 мүнөттөн кийин келишкен, бирок имарат ал учурда толугу менен күйүп кеткен. Куткаруучулар "Harris family day care" борборунун ээсин куткарып калышкан, ал эми 12 жана 17 жаштагы эки бала имараттын чатырынан секирип аман калышкан. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми каза болгон балдар тууралуу маалымат ачыктала элек.