Мьянмада жер көчкүдөн 50дөн ашык адам каза болуп, 80 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, табигый кырсык Мон штатында орун алган. Жер көчкү узакка созулган жамгырдан улам келип чыкканы да маалымдалды.
"Табигый кырсыктын кесепетинен 50дөн ашык адам каза болуп, учурда куткаруучулар гана эмес, жергиликтүү өрт өчүрүүчүлөр жана атайын куткаруучу топтор дайынсыз жоголгон 80 адамды издөө иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.