8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 26-августка чейин камакта калтырылган. Атамбаев Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү “кылмышка кошо катышуу” жана 319-берененин 2-бөлүгү “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.
SUPER.KG порталы "Бийликтин башкы оппоненти болгон Алмазбек Атамбаев кармалды. Эми өлкөнү өнүктүрүү үчүн бийликке каршы тоскоолдук калдыбы?" деген собол салды.
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов азыркы бийликте шылтоо жок калганын айтты.
"Мурда азыркы бийлик, аны коштогон эксперттер, журналисттер, саясатчылар чек ара, уран, көйгөйлүү маселелер жаралса эле Атамбаев жана анын жанындагылар ызы-чуу чыгарып жатат деген шылтоо айтышчу. Чынында бул бийликтин кетирген каталарынын жыйынтыгы болгон. Алар бул маселелерди түп тамырынан чечпей туруп, өрт өчүргүч сыяктуу эле анын жыйынтыгы менен күрөшүүгө ынтызар. Эми андай шылтоо болбой бийликке карата нааразычылыктар күчөй берет", - деди Турдукулов.