Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков: "Эми бул бийлик инвестиция тарта албай, экономиканы өнүктүрө албаса чоң сынга кабылат". КҮНСОБОЛ

8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 26-августка чейин камакта калтырылды. Атамбаев Жазык кодексинин “кылмышка кошо катышуу” жана “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.

SUPER.KG порталы "Бийликтин башкы оппоненти болгон Алмазбек Атамбаев кармалды. Эми өлкөнү өнүктүрүү үчүн бийликке каршы тоскоолдук калдыбы?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков өлкөнү өнүктүрүү үчүн бийликке каршы тоскоолдук калган жок деген пикирде. "Бийлик Атамбаевге байланыштуу иштерди укук коргоо органдарына бериши керек. Өздөрү экономика маселесине көңүл бөлүшү шарт. Биринчи кезекте инвестицияны тартуу менен алектенип, ошонун үстүндө иштеши керек. Бийлик инвестиция тарта албай, экономиканы өнүктүрө албаса чоң сынга кабылат", - дейт Талгарбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан