Москва шаарында ди-джей жана модель Жанна Рассказова каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 11-август күнү Жанна Рассказованын абалы оорлоп, эсин жоготкон. "Тез жардам" кызматкерлери ага жардам бере алышкан эмес. Маалымат боюнча, ал баңгизатын ченеминен көп колдонгон. Ал 29 жашта болчу. Бир нече жыл мурун ал "Playboy" журналынын каарманы катары популярдуу болгон", - деп жазылат маалыматта.